Өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү Мамлекеттик комитети ЖАК «Кумтөр Голд Компанияга» 1 айга чейин кен сактоочу жайдан, кенди иштетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Андан сырткары, комитет «Кумтөрдөн» 2020 - жылы жана андан кийинки жылдарда Чоң - Сары - Төр жана Кичи - Сары - Төр өрөөнүнө атайын долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү талап кылды.
Ар түрдүү кырсыктардын алдын - алуу максатында, ишкана Чоң - Сары - Төр жана Кичи - Сары - Төр өрөөнүндөгү коопсуздук тууралуу илимий-изилдөө уюмдарынын уруксат чечимдерин алуусу керек.