Huawei башчысы Кытайдын Applege каршы чыгышына макул эмес

27.05.2019, 14:58 Акчабар
Huawei башчысы Кытайдын Applege каршы чыгышына макул эмес
Жэнь Чжэнфэй америкалык компанияны устатым деп атап, ал жок Интернет дүкөнү ачылбай эле деп жарыялады

 Huawei компаниясынын башчысы Пекиндин  Apple каршы чыгышына макул эмес.АКШга жооп катары Apple компаниясын  кара тизмеге киргизүүго каршы. Бул тууралуу Bloomberg басылмасына  Huawei башкы директору  Жэнь Чжэнфэй билдирди деп жазды  ТАСС маалымат агентиги. 

«Биринчиден, мындай кадамга барбайбыз. Экинчиден, эгерде мындай болсо мен ага каршымын.  Apple –бул дүйнөдөгү алдынкы компания. Ансыз мобилдик Интернет дагы болбойт эле. Apple болбосо, дүйнөнүн кооздугун көрбөйт элек».

Чжэнфэй  АКШ чектөө  киргизүү  менен  Huawei компаниясын технологиялар боюнча 5G форматында атаандашсыз калтырууда деп билдирди. 

«Эгер учактын эки канаты тең учпай, бир канаты сынык болсо алдыга кетпейт. Эгер биз жай жүрсөк, өнүгүү болбойт. Ошондуктан, канаттагы тешиктерди бүтөсөк бат тез учабыз», – деп Huawei компаниясын  башчысы образдуу түрдө билдирүү жасады.

Акыркы убакта Кытайдын адистери 5G  системасы боюнча мыкты технологияларды иштеп чыгууда.  China Telecom, China Mobile  жана China Unicom компаниялары өнөктоштөру менен бирге,анын ичинде  Huawei менен  ZTE корпорациясы бешинчи муундагы байланыштар үчүн базалык станцияларды жана башка каражаттарды иштеп келишет. Жогорудагы байланыш  20-50 эсе тез болуп, байланыштын сапатын дагы жогорулатат. 

Huawei башкы директоруна АКШдан керектүү технологиялар келбесе, канча убакытка компания иштей алат деген суроого төмндөгүдөй жооп берди.   

«Биз жарым чиптерди [ 5G каралган тетиктерди]  АКШдан сатып алабыз. Ал эми калган бөлүгүн өзүбүз чыгарабыз. Эгерде АКШ бизге каражаттарды  сатпай калса, өзүбуз өндүрөбүз– деп билдирди Чжэнфэй. – АКШ бизден эч качан товар сатып алган эмес. Алтургай алар келечекте бизден товар алам десе, сатпайм.Трамп менен сүйлөшүүго барбайм. Анда ал ким менен сүйлошөт, биз ага жооп бербесек?»

Ал АКШ президенти  Дональд Трампка телефонун бербегенин билдирип, анын тивиттеги баракчасын «карама каршы жана күлкүлүү» экенин билдирген.

Ага чейин Трамп  Huawei компаниясын америка-кытай соода келишимине киргизем, эгерде келишимге келсе деп жарыялаган.  

Тэги: США Дональд Трамп huawei

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу