Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Газпромбанк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Акылбек Жапаров 22-мартта “Крокус Сити Холлдо” болгон жана көп адамдын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу орусиялык делегацияга көңүл айтты.
Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда республиканын ар кандай инфраструктуралык долбоорлорун, анын ичинде энергетика жана жол куруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар, банктык колдоо, лизинг жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк сыяктуу башка тармактарды каржылоо маселелери каралды.