ИИМ башчысы “Ихсандан” жабыркагандар акчаны кантип кайтарып алса болорун айтты

18.07.2022, 11:22 Акчабар
ИИМ башчысы “Ихсандан” жабыркагандар акчаны кантип кайтарып алса болорун айтты

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбеков "Ихсан" коммерциялык эмес турак жай кооперативинен жабыркагандар акчасын кантип кайтарып ала аларын айтты.

Анын айтымында, каражат соттун чечими менен гана кайтарылышы мүмкүн.

“Азыр “Ихсан”, “Биринчи кооператив” ж.б эсептери камакка алынды, тергөө жүрүп жатат. “Ихсандын” аракетинен келтирилген зыян 121 миллион сомго бааланган”, - деди Ниязбеков.

Буга чейин "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы Акинай Бекмурзаева алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган.

Тэги: Ихсан Улан Ниязбеков МВД

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу