ААК «Улуттукэнергохолдинг компаниясынын» Башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров кызмат ордуна кайтып келди. Бул тууралуу «Акчабарга» ишкананын басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилей кетсек, Назаров 24-августтан баштап Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон. Кийин анын Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышкандыгына байланыштуу ар түрдүү пикирлер айтылган соң, талапкерлигин алып салууну чечкен.