Кыргызстандын жана Корея Республикасынын Салык кызматтарынын башчылары кызматташуу маселесин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Корея Республикасынын Улуттук салык кызматынын комиссары Хан Сын Хви башында турган делегация менен Бишкек шаарында жолугушту.
«Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн фискалдык органдарынын жетекчилери эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты жана улуттук салык системасын өнүктүрүү тажрыйбалары менен алмашышты»-деп билдирди мамлекеттик салык кызматынан.
Кыргыз тарап салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасынын долбоору тууралуу айтып берди. Корей өлкөсүнүн салыкчылары ар кандай системаларды жана заманбап технологияларды пайдалануу менен салык төлөөчүлөрдү электрондук тейлөө жаатындагы алардын салык кызматынын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып беришти.