Экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга тийиш

18.02.2021, 16:00 Акчабар
Экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга тийиш

Мамлекеттик салык кызматы экспорттоочуларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды тоскоолдуксуз ташып кирүү үчүн электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга чакырат.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык көпчүлүк экспорттоочулар салык мыйзамдарын бузуу менен электрондук эсеп-фактураларын тариздешкен эмес. Ошондой эле товарларды Казакстандын жалган резиденттеринин дарегине жөнөтүү, жүрүү каттамынан четтөө жана навигациялык пломбалардын үзүлүшү фактылары аныкталган.

Мыйзам бузуучуларга салык кызматы контролдоонун кошумча түрлөрү киргизилерин жана тобокелдүү автотранспорттук каражаттардын тизмесине катталарын эскертет. 

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-мартында Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга ошондой эле тескери багыттар боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор аягына чыгат. Ага чейин автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет.

 

Тэги: экономика электронная счет-фактура ГНС экспортеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу