Салык кызматы планды 2,8 млрд сомго ашыра аткарды

19.08.2021, 13:17 Акчабар
Салык кызматы планды 2,8 млрд сомго ашыра аткарды

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын жети айында 55 миллиард 546,9 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 105,4%га, же 2 млрд 832,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 15 млрд 94,6 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 137,3%ды түздү. Мында ИДПга кирешелердин үлүшү 16,49%ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,71 пайыздык пунктка көбөйдү. 

"Анын ичинде республикалык бюджетке 44 млрд 819,2 млн сом түшүп, план 105,3%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджетке 12 миллиард 423,4 миллион сом көп түштү", - деп маалымдады Мамлекеттик салык кызматы.

Жергиликтүү бюджетке 10 миллиард 727,6 миллион сом чогулду. План 587,7 миллион сомго ашыра аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 133,2%ды түздү.

 

 

Тэги: налоги ГНС КР бюджет деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу