Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук ичимдиктердин ири партиясын өлкөгө алып кирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Окуя Кемин ички салык постунда болуп, акциздик маркасы жок 2 миң 80 литр шарап алып келе жаткан унаа токтотулган.
Контрабандалык жүк салынган унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иштин материалдары КРнын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.