ЕАЭБ алкагында 28 млрд сомдон ашык кыйыр импорттук салык чогулду

11.11.2021, 11:10 Акчабар
ЕАЭБ алкагында 28 млрд сомдон ашык кыйыр импорттук салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 10 айында ЕАЭБ алкагында 28 миллиард 684,5 миллион сом кыйыр импорттук салыктарды чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллиард 611 миллион сомго көп, же өсүү темпи 142,9%ды түздү.

Анын ичинде импорт боюнча КНСтин түшүүлөрү 20 млрд 374,5 млн сомду түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд 520,5 млн сомго көп (өсүү темпи 147,1%). Ал эми импортко акциз салыгы 8 млрд 310 млн сом түшкөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 90,5 млн сомго көп (өсүү темпи 133.6%).

"Мындан тышкары ушул эле мезгилде товарларды эсепке алуу пункттарына 176 миң 852 коштоочу эсеп-фактуралар берилген. Алардын 155 миң 887и - автотранспорт менен ташылган товарларга, 15 миң 885и темир жол менен ташылган товарларга жана 580ү аба аркылуу ташылган товарларга коштомо баракчалар", - деп билдирди басма сөз кызматы.

 

Тэги: ГНС КР косвеные налоги налоговые поступления

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу