2019-жылдын 1-декабрына карата салык кызматынын маалыматтар базасына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан 59 миң 18 салык декларациясы келип түшкөн. Бул 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 миң 330 декларацияга көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
МСК билдиргендей, декларацияда чагылдырылган маалыматтарды талдоо жана иликтөө боюнча салык органдары коммерциялык банктарга жана Улуттук банкка саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку администрациялык миниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган декларанттар боюнча (эсептешүү жана башка эсептердин болушу жөнүндө) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүштү.
Ошондой эле суроо-талаптар компаниялардын уставдык капиталында үлүш, КРдин чегинен тышкаркы эсептер жана мүлктөр, акциялар жана баалуу кагаздар, мамлекеттик компаниялардагы үлүштөрү бар экендиги жөнүндө, ошондой эле ипотекалык насыя алуу тууралуу жана башка маалыматтарды алуу үчүн бир катар мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча өнөктүк аягына чыккан. 1-июлдан бери Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясына текшерүү жүргүзүүдө.