«Google» билим берүү боюнча «Алтын казык» программасын колдойт

18.04.2024, 15:48 Акчабар
«Google» билим берүү боюнча «Алтын казык» программасын колдойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Вашингтон шаарына (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүүнү трансформациялоо жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилеп кетсек, Американын Google трансулуттук корпорациясынын өкмөт менен байланыштар жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исакович менен жолугушууда “Алтын казык” (“Полярная звезда”) мектептик билим берүү системасын трансформациялоо программасы тааныштырылды. 

“Биз аймактагы “Google Education” менен кызматташкан биринчи өлкө болгонубуз менен сыймыктанабыз. Мугалимдерибизге жана мектеп окуучуларына эң алдыңкы билимдерди өздөштүрүүгө жардам бере турган эң алдыңкы иштеп чыгууларды Кыргызстандын бардык мектептеринде колдонобуз. Билим берүү тармагында "Google" менен кызматташуубуз биринчи кадам гана болушу керек. Биздин командалар булуттук ресурстарды өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жасалма интеллект программаларын иштеп чыгуу жаатында иш алып барууда”, - деди Минкаб башчысы Акылбек Жапаров. 

Ошондой эле, “Google” компаниясынын өкмөт менен байланыштар жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исаков мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. 

"Кыргызстандын билим берүү тармагындагы келечекке болгон көз карашы биздин көз карашыбызга дал келет. Бул көз карашты ишке ашырууда кыргыз өкмөтү менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз. Кыргызстан адамдык капиталды түзүүгө умтулуп жатканын билебиз жана биз бул аракеттерди колдогубуз келет”, - деди ал. 

Белгилеп кетсек, “Google” мектептик билим берүү системасын трансформациялоо үчүн “Алтын Казык” программасын колдоого алат. 

"Google" окуу процессинде бул куралдарды ишке ашырууга жана практикалык колдонууга оптималдуу жана келечектүү ыкмаларды тандоодо эксперттик жардам көрсөтөт.

Тэги: Google Алтын Казык билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу