Google инкогнито режиминин «купуялуулугун» өзгөрттү

02.04.2024, 10:50 Акчабар
Google инкогнито режиминин «купуялуулугун» өзгөрттү

Google компаниясы “инкогнито" (жашыруун) режимде миллиондогон адамдардын интернеттеги иш-аракеттерине көз салып турган” деген айып боюнча 5 млрд доллар доо төлөп берүүгө макул болду. Доочулар АКШда компаниянын телефон тыңшоо боюнча федералдык мыйзамдарды жана Калифорниянын купуялык мыйзамдарын бузганы үчүн ар бири 5000 доллардан талап кылышкан.

Келишим 2020-жылы АКШдагы коллективдүү арыздын негизинде кабыл алынган.  Анда технология гиганты "жеке режимде" (инкогнито) колдонуучулардын маалыматтарын чогултуу менен адамдардын купуялыгына кол салган деп айыпталган.

"Google сиздин досторуңуздун ким экенин, хоббиңиздин эмне экенин, эмне жегенди жакшы көрөрүңүздү, кандай тасмаларды көргөнүңүздү, кайда жана качан сатып алууларды жасай турганыңызды, жакшы көргөн эс алуу жерлериңизди, сүйүктүү түсүңүздү, жадагалса сиз уяла турган нерсени билет. Интернетте көргөн бардык нерселериңиз системага кирет”, - деп айтылат доо арызда.

Ошондой эле, Google миллиарддаган жазууларды жок кылууга жана сунуш кылынган мыйзамдуу жөнгө салуунун шарттарына ылайык колдонуучуларды көзөмөлдөө (tracking) ыйгарым укуктарына айрым чектөөлөрдү киргизүүгө макул болду. 

Маалыматтарды өчүрүү АКШдан тышкары да колдонулат. 

Компания буга чейин доо арызга жооп катары өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал кандай өзгөртүүлөр? 

Компания инкогнито режиминин дизайнын кайра иштеп чыккан, бирок бул жардам берген жок. Тактап айтканда, компания инкогнито режиминдеги дисклеймерди өзгөрткөн. Мында компания менен колдонуучунун ортосунда өз ара келишим болот. Келишимге ылайык, колдонуучу кирген сайттарды (data) Google сактайт.

Компания муну соттук териштирүүлөрдөн улам жасаса да, колдонуучулар инкогнито режими анонимдүү же жашыруун режим эмес экенин эстен чыгарбашы керек.  Google колдонуучу кирген вебсайттарды, анын ичинде, маалыматтарды чогултуп, сизге көз салышы мүмкүн. 

Бул режимди колдонгон интернет колдонуучунун аракетин дагы деле кирген веб-сайттар, иш берүүчү же мектеп, интернет колдонгон провайдерлер көрө алат. 

Тэги: Google инкогнито купуялуулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу