Бюджетке Кумтөрдөн дээрлик төрт эсе аз каражат түштү

03.07.2023, 11:05 Акчабар
Бюджетке Кумтөрдөн дээрлик төрт эсе аз каражат түштү

Ушул жылдын январь-май айларында “Кумтөрдөн” мамлекеттик бюджетке 4 миллиард 447,1 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.

Анын ичинен 4,3 миллиард сом мамлекеттик казынага “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салык түрүндө, дагы 132 миллион 288,2 миң сому өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма түрүндө түшкөн.

2022-жылдын ушул эле мезгилинде “Кумтөр” мамлекеттик казынаны 17 миллиард 463,4 миллион сомго толтурса, анын 13,6 миллиард сому минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө түшкөн.

Мындан мамлекетке 13 миллиард сомдон ашык, же былтыркыдан дээрлик 4 эсе аз салык түшкөнү келип чыгат.

Белгилеп кетсек, 2022-жылы “Кумтөр” бюджетти 29 миллиард 429,6 миллион сомго толуктаган, анын көбү, 64 пайызы казынага минералдык-сырьелук база үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөм аркылуу түшкөн. Каражат 18,8 миллиард сомду түзгөн. 

Тэги: Кумтор налоги новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу