Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул азайса, мамлекеттик бюджет 367 млн сом жоготот

26.05.2021, 14:30 Акчабар
Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул азайса, мамлекеттик бюджет 367 млн сом жоготот

Эгерде "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик бюджетке 367 миллион сом зыян келтирилет. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ЖКнын отурумунда билдирди.

Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков тендер өткөрүүдөгү көптөгөн мыйзам бузууларга токтолуп, бир катар суроолор менен Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Дастан Догоевге кайрылып, Азамат Дыйканбаевдин кармалышынын себебин Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясынын келишимдин шарттарын узартуудан баш тартуусу менен байланыштырды.

Момбеков өзү буга чейин комитеттин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын ишке ашырылышын иликтөө боюнча жумушчу топту жетектеп келген.

Тэги: экономика штрафы пдд Безопасный город

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу