Кыргызстанда тигүүчүлөр мамлекеттик ипотекадан колдонуп баштайбы?

26.02.2019, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда тигүүчүлөр мамлекеттик ипотекадан колдонуп баштайбы?

Жеңил өнөр жай тармагындагы жумушчуларды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү «Кыргызстанда сооданы алдыга жылдыруу» программасы Эл аралык Соода Борбору (ITC)Швейцариянын өкмөтү тарабынан каржылануда. Жолугушууда республиканын тигүү компаниялардын жетекчилери менен «Мамлекеттик ипотекалык компания»ААК (МИК) талкуулашты.

МИК Башкармасынын төрагасы Бактыбек Шамкеев белгилегендей, уюм коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга аракеттер жасалууда. 

 

«Учурда «Жеткиликтүү ипотека» программасы иштеп баштады. Шарттары бюджеттик кызматкерлерге берилгенде эле каралып, жарандар төлөөгө кудурети болуп, жеке турак жайы жок болушу керек. Бирок, пайыздык чендери жана баштапкы капиталы дагы бюджеттик кызматкерлерге караганда жогоруу болушу мүмкүн.  Бирок, бул жалгыз ипотекалык насыялоо эмес. МИК жаңы багытты — контрактык турак жай системасын киргизүүгө аракет жасап жатабыз. Буга ылайык КР жарандары үч жарым жыл же жети жыл ичинде алгачкы салымды чогултууга МИК алдындагы тунду компанияда чогултуп, мөөнөтү аяктаганда чогулган суммага мамлекеттен бонус  насыя алат. Алынган каражатка үй алып же турак жай сала алат»— деп билдирди.

Тигүү цехтеринин өкүлдөрү өкмөткө жеңил өнөр жайга өзүнчө категория ачып, аларга жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого ыңгайлуу шарттарды түзүү. 

«Өлкө үчүн экономикада жеңил өнөр жай маанилүү. Анткени, бул тармакта  8%  эмгекке жарамдуу калк эмгектенет. Бүгүнкү  айтылган шарттарды иштеп чыгып, мамлекеттин колдоосуна муктаж, анткени, тигүүчүлөрдүн көпчүлүгү аймактардан келишкен», — деп эсептейт  «Азиар Фэшн»  ЖЧК директору Зарлык Иманкулов.

Жолугушуунун жыйынтыгында МИК  бул тармактын өкүлдөрүнө жеткиликтүү ипотекалык насыя берүүнү көңүлгө аларын билдирди. 

Тэги: госипотека швейная отрасль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу