Мамкурулуш «Бирдиктүү терезе» санарип долбоорунун ишке ашырылганын билдирди

06.01.2020, 17:45 Акчабар
Мамкурулуш «Бирдиктүү терезе» санарип долбоорунун ишке ашырылганын билдирди

2019-жылдын 25-декабрында, КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылды «Санарип Кыргызстан – региондорду өнүктүрүү» маселелери боюнча Москва райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы аткарган санарип иш чаралардын максатында оптимизацияланган   «Бирдиктүү терезенин» ишке ашырылганын көрсөттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Иш алкагында, башкармалыктын башчысы Улан Нуралиев курулуш тармагындагы «Бирдиктүү терезе» программасынын оптималдаштырылган шарттарын сунуштады. Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, оптимизациялоо максатында түзүлгөн курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, курулуш тармагында жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө айтып берди.

Москва райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы «Бирдиктүү терезе» бөлүмү  жарандардан арыздарды кабыл алууда,  Мамкурулуш Мамлекеттик  агенттигинин борборлоштурулган жаны программасына (Онлайн режим) туташтырылып, арыз кабыл алуу иштери белгиленген тартипте жүрүүдө.

Ошондой эле Мамкурулуш көрсөтүлүп жаткан документтерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча негизги милдеттин критерийи жана чечилиши болуп саналган. Бирдиктүү терезенин жүрүшүндө оптималдаштыруу үчүн шарт, «Курулуш тармагында ашыруу жол-жоболорун, ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүүгө бир гана ата мекендик эмес, ошондой эле курулуш тармагынын чет өлкөлүк инвесторлорго өбөлгө болот деп саналууда.

Азыркы учурда, Москва райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы «Бирдиктүү терезе» бөлүмүн  дагы күчтөнтүү, жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында бөлүмдү модернизациялоо, санариптештирүү өнүктүрүп жатат. Шаардык тиешелүү мекемелер менен сурамжылоо каттарын (СЭС, ООС, УГПС жана инженердик техникалык) жөнөтүү жана кабыл алуу   электрондук почта форматтында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө кардарлар кайрылган арыздарынын  кыймылы тууралуу маалыматтарды алып туруу үчүн, башкармалыктын «Бирдиктүү терезенин»  бөлүмүндө электрондук таблолор (мониторлор) орнотулуп жана онлайн режиминде интернет аркылуу байкоо жүргүзүү  мүмкүнчүлүгүн түзүлгөн.

Азыркы күнгө биз региондогу 13-чү жаны санариптештерилген “Бирдиктүү терезесин” ачып жатабыз. Буга чейин Бишкек, Чолпон-Ата, Каракуль шаарларында, Чуй, Ыссык-кѳл, Ош, Баткен, Джалал-Абад областарында ачылган.

2019-жылдын 2-октябрь күнү Башкармалыктын интернет каналдарына микротик байланыштыруучу каражаттары орнотулуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги «Түндүк» электрондук ведомостволук аралык өз ара аракеттенүү маалыматтык системаларына кошулуу иш чаралар жүрүүдө.

Тэги: Госстрой Единое цифровое окно презентация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу