Архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилет

15.01.2020, 09:45 Акчабар
Архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилет

КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жумушчу кеңешмеде архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнү тездетүү маселесин карады.

Кеңешмеге тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, бул ишке тартылган ишканалардын, ошондой эле инженердик кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамкурулуштун ишмердигинде «Бирдиктүү терезенин» натыйжалуу иштөөсү үчүн төмөнкү маселелерди ыкчам чечүүнү сунуш кылды:

— ГКПЭН Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрликтери менен бирге инженердик камсыздоо тармактарынын кубаттуулуктарынын интерактивдүү картасын иштеп чыксын жана жер-жерлердеги архитектура органдарына өткөрүп берсин;

— Мамкурулуштун ишканалары көрсөтүп жаткан кызматтарды санариптештирүү процессин улантсын;

— Бишкек шаарынын мэрлигинин Жер ресурстары башкармалыгы, ошондой эле башка шаарлардын ушул сыяктуу түзүмдөрү шаар куруу документтерин (деталдаштыруу менен пландоо долбоорун (ПДП), курулуш долбоорлорун) иштеп чыгууну кыска мөөнөттө аяктасын;

— Мамкурулуш электрондук шаар куруу кадастрын ишке киргизсин.

 

 

Тэги: Госстрой ПДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу