"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" АКнын алдында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Жыйында эсептөө комиссиясынын милдеттерин аткарууну "Медина Регистр" ЖЧКсынын каттоочу өкүлүнө жүктөө чечими кабыл алынды.
Ошондой эле сатып алуулар жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобого өзгөртүүлөр бекитилди.