Матраимовдун 200 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өтөт. Бул тууралуу журналисттерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, УКМКда бул мүлктүн тизмеси бар.
"Ал бир нече адамга сатып, кайра каттоодон өткөрдү делген нерселердин баарын сот аркылуу алабыз", - деди Ташиев.
Ташиев белгилегендей, Райымбек Матраимов буга чейин 60 миллион долларлык мүлктү өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.