2019-жылдын 28-29-декабрында саат 17:00гө чейин айдоочулук күбөлүк берилет. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, документтерди кабыл алуу жана тариздетүү «Унаа» бөлүмүндө (Лебединовка айылы, Жеңиш проспектиси 121"Б" дареги боюнча) жүргүзүлөт. Ал эми күбөлүктөр Ауэзов көчөсү 1/5 дарегинде жайгашкан калкты тейлөө бөлүмүндө берилет.
Калкты тейлөө борбору саат 9дан кечки 5ке чейин иштейт.
Убактылуу күбөлүктөрдү тапшыруу мөөнөтү өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 15-февралында аяктайт.