Кыргызстандагы Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын февраль айында борбордо батирлерге болгон баа орто эсепте 0.68% төмөндөгөнүн билдирди.
Бишкекте ушул жылдын февраль айында стандарттуу типтеги батирлерди сатуу жана сатып алуу 1 миң 184 жолу жасалып, ал былтыркы ушул маалга караганда 9.73% жогору болду. Негизинен сатууга жана сатып алууга 104, 105, 308 сериядагы жеке типтеги батирлер коюлуп, баардык сатып алуулардын 90.6% түздү.
Кыргызстандыктар бир бөлмөлүү батирлерди көп сатып алып, ал– 37.58% жеткен. Экинчи орунда эки бөлмөлүү батирлер– 34.97%, үчүнчү орунда– албетте үч бөлмөлүү 21.88% батирлер жайгашты. Февралда беш бөлмөлүү батирлерге талап аз болуп – болгону жалпы сатуудан 1.27% түздү.
«2019-жылы февралда орточо эсеп менен бир квадрат метрдин баасы экинчи рынкто $730 болуп, ал былтыркы ушул мезгилге карата 0.68% төмөн болду»– деп жазылат отчетто.
Ушул эле убакта шаардын түштүк тарабындагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы жогору болду. Алсак, 104 бир бөлмөлүү батирдин квадрат метри февралда $891 болуп ал 1.33% түшсө, борбордо – $874 болуп, ал 8.96% төмөндөгөн, шаардын четиндеги батирлер – $568 сатылып, андагы түшүү – 4.22% жеткен.
«Баалар эки бөлмөлүү батирлерге дагы төмөндөдү. 104 сериядагы батирлер 1.1% арзандаган. Ал эми шаардын түштүгүндө бир квадрат метр $816 сатылды. Курулушчулар шаарчасында квадрат метр – $708 болуп, батирлер 1.53% арзан сатылса, шаардын борборунда – 3.0%, квадрат метр $865 бааланган»– деп билдирди МКК.
Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин баасы рынокто туруктуу болгон жок. Кичирайондордо анын баасы 0.93%жогору болсо, шаардын борборунда тескеринче 2.12% арзандаган. Түштүк тарапта орточо бир квадрат метрдин баасы $761 болсо, борбордун борборунда квадрат метрдин баасы $830 жеткен.