Калкты тейлөө борборлорунун иш графиги убактылуу өзгөрдү

28.04.2021, 13:55 Акчабар
Калкты тейлөө борборлорунун иш графиги убактылуу өзгөрдү

Техникалык себептерге байланыштуу 2021-жылдын 30-апрелинде Бишкек жана Ош шаарларындагы бир нече калкты тейлөө борборлору иш графигин өзгөртүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, төрт борбор 19:00 жана 22:00дүн ордуна саат 18:00гө чейин гана иштейт. Алар 1- жана 2-майда убактылуу жабылат. Жумуш ушул жылдын 4-майында улантылат.

Өзгөртүлгөн графиги бар калкты тейлөө борборлору Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектиси, 381 дарегинде, "Азия-Молл" жана ЖЭБдин бет маңдайындагы "Глобус" соода борборундагы мини-борборлор жана Оштогу Ленин көчөсү, 318 дарегинде жайгашкан.

Маалымат үчүн:

Мамлекеттик каттоо кызматы пилоттук долбоорду баштады, Бишкек жана Ош шаарларынын калкын тейлөө борборунун ишин 22.00гө чейин узартты. Мындай ыкма менен ушул жылдын 10-июлуна чейин иштөө мерчемделүүдө. Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн, Бишкектеги эки кичи тейлөө борбору дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Тэги: ГРС ЦОН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу