БАЭнин компаниялар тобу Кыргызстанга инвестициялоого ниеттенүүдө

03.09.2021, 12:00 Акчабар
БАЭнин компаниялар тобу Кыргызстанга инвестициялоого ниеттенүүдө

Кыргызстанга БАЭден энергетика, айыл чарба, туризм, логистика чөйрөсүнүн өкүлдөрү болгон ири компаниялардын делегациясы келди. Алардын арасында "DPWorld", "MASDAR", "ADQ", "Abu Dhabi Fund for Development", "Royal Group", "Earth Retai", "Fresh Harvest" сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи билдиргендей, эмират тарапта БАЭге товарларды жеткирүүнү жолго коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-логистикалык борборлорду түзүү боюнча пландары бар. 

Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы президент Садыр Жапаров менен БАЭнин куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында келди.

 

Тэги: ОАЭ инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу