«Аламедин» станциясына биринчи каттам менен Кытайдан ишкерлердин жүктөрү келди

08.02.2021, 15:50 Акчабар
«Аламедин» станциясына биринчи каттам менен Кытайдан ишкерлердин жүктөрү келди

Бишкектеги «Аламедин» станциясына биринчи каттам менен Кытайдан 47 контейнер жүк келди. Аны биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тосуп алды. Бул тууралуу Новиков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

 

Анын айтымында, бул жүктүн баары «Дордой» базарына тийиштүү. Акыркы убактарда Кытайдан Кыргызстанга жүк алып келүү көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып келет. Азыркы учурда «Эркечтам -автожолу» жана «Торугарт-автожолу» өткөрүү пунктары ишке киргизилди. Бирок, санитардык талаптардан улам көп өлчөмдөгү жүктөрдү бул эки өткөрмө пунктарынан алып өтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бир нече ай бою жүктөрдү жеткирүү каттамдарын диверсификациялообоюнча чоң иштер жасалды.

«Кытай тараптын колдоосу менен айына 1 миң тонна вагон жүккө чейин товарларды көбөйтө алабыз. Биз жүктөрдү аба каттам аркылуу жеткирүүнү көбөйтүүнү каалайбыз, ошондой эле Кытай тарап менен чектешкен автоунаа транспорту коридорлору аркылуу өткөрүү пункттарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантабыз. Мындан соң биздин ишкерлердин жумуштары жандана баштайт», — деп белгиледи Новиков.

Андан сырткары Новиков, буга чейин темир жол транспорту аркылуу мындай мультимодалдык транспорт болбогондугун, кыргыз ишкерлери үчүн бир гана чийки зат жана материалдарды ташыган жалгыз поезддер болгондугун билдирди.

Тэги: Дордой импорт граница Китай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу