Бишкек шаарындагы «Ынтымак» конушунан күйүүчү майды мыйзамсыз саткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрда күйүүчү майды мыйзамсыз саткан түйүн табылган. Жүргүзүлгөн текшерүүдөн улам, 2 тоннадан ашык дизелдик күйүүчү майдын эч кандай уруксат кагаздары жок болуп чыккан.
Каржы полициясы жарандардан мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май тууралуу маалыматы болсо, төмөнкү дарекке кабарлап коюуну өтүнөт:
Бишкек ш., Манас проспектиси, 101/1, тел.: 0(312) 323-091, 323 707.