Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекетик кызматынын Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллон сомдон көп акча которду. Бул тууралуу мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы билдирди.
Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион 152 миң 435 сом өлчөмүндө акча которду.
ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 467 миллион 749 миң 794 сомду түздү.
Экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын чогулган каражаттарды бир жерге чогултуу үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Чогултулган акча Бишкек шаары жана Чүй облусунда мектептердин курулушуна жумшалат.