Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушууларды уюштурууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, маанилүү маселелерди чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот деп күтүлүүдө.
Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлчүлүгүн Мээрим Кожокматова жетектейт.
Ал эми кеңсенин дареги Гуанчжоу шаары, Хайчжу району, Синангдонглу жолу 1024, Ф блогу, 6-кабат, 609-кабинетте жайгашкан.