Кыргызстанга донор-өлкөлөрдөн келген гумжардамдын тизмеси

20.04.2020, 13:10 Акчабар
Кыргызстанга донор-өлкөлөрдөн келген гумжардамдын тизмеси

Кыргызстанда коронавирус катталган күндөн тарта дүйнөнүн булуң-бурчунан гуманитардык жардамдар келип жатат. Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн жардамдардын басымдуу бөлүгү медициналык коргонуучу каражаттар болгон. 
 

1.Россия – 13700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент бөлүп берди.

2.Кытай – 7000 тест-система (реагенттер), 200 000 бир жолу колдонулуучу беткап, 10 000 респиратордук беткап (№95), 1000 коргоочу медициналык костюм, 1000 коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1000 коргоочу медициналык көз айнек, 1000 медициналык кол кап, 1000 медициналык бахила жиберген.

3. Швейцария– Чүй облусунун жана Бишкек ш. Биринчи май районунун ҮМБнын мобилдүү бөлүмдөрүн жабдыктады, 35 концентратордук кычкылтектин келиши күтүлүүдө.

4. Япония– 2000 экспресс-тест (Primers and Probes и Positive Control) жардам катары көрсөткөн.

5.Корея – 500 жуп медициналык кол кап, 10 литр колдор антисептиги, 5 литр буюм беттеринин спрей-антисептиги бөлүнүп берилди. Кореядагы КР жарандарына 800 бир жолу колдонулуучу беткап жана 500 мл антисептик берилди.

6. Түркия – 200 таӊгак тест-система, 5000 бир жолу колдонулуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтрлери бар беткап, 12 коргоочу көз айнек бөлүнүп берилди.
:pushpin: “Манас” университети өзүнүн жатаканасында 250 койка-орунду карантиндик борбор катары бөлүп берди.

7.  Өзбекстан – 16 000 беткап, 7900 коргоочу комбинезон, 4800 тест-система жана аларга реагенттер, 1000 тонна ун, 20 000 кол кап, 2000 №95 респиратор, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр жиберген.
 

 

«Мындан сырткары, донор-өлкөлөрдөн $274 162 АКШ келди. Россия Федерациясы жана Өзбекстан Республикасы көрсөткөн гуманитардык жардамдын суммалары такталууда», — деп жазылат маалыматта. 

Тэги: гумжардам Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу