«Халык Банк Кыргызстан» 670тен ашык компанияны 13,2 млн долларга каржылады

17.08.2023, 10:44 Акчабар
«Халык Банк Кыргызстан» 670тен ашык компанияны 13,2 млн долларга каржылады

“Халык Банк Кыргызстан” жигердүү кызматташуусу жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн USAIDдин сыйлыгына ээ болду.

“Халык Банк Кыргызстан” ААК жана ACDI/VOCA 2019-жылдан бери USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында жигердүү кызматташып келет. Банк долбоордун колдоосу менен аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү үчүн төмөнкү пайыздык үстөк менен насыялык продуктуну иштеп чыгып, жүзөгө ашырган. Бул убакыттын ичинде “Халык Банк Кыргызстан" ААК 670тен ашык компанияны жалпы суммасы 13,2 млн долларга каржылады. 

Кредиттөө программасынын негизги максаты - аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жеткиликтүү финансылык мүмкүнчүлүктөрдү берүү болгон.

Эмне үчүн “Халык Банк Кыргызстан” ААКсы аялдардын ишкердигин колдоону тандады? “Халык Банк Кыргызстан” ААКсы Казакстандагы эң ири “Halyk Group” финансылык банкынын курамына кирген туунду компания. “Halyk Group” компаниясы БУУнун туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири болгон гендердик теңчиликти колдоо, аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү максатын көздөйт.  

Белгилеп кетсек, “Halyk Group” жөн гана каржы институту эмес, ESG тажрыйбасын илгерилетүүдө алдыңкы ролду көрсөткөн уюм жана ESG рейтингин алган биринчи банктардын бири (компанияны баалоо критерийлери экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин камтыйт). Казакстандагыдай эле ал Кыргызстанда да бардык каржы сектору үчүн өзүнчө туруктуулук отчетун чыгарган биринчи банк болуп саналат.

Банктын “Конкуренттүү ишкана” долбоору менен кызматташуусу өлкөдө ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүгө жана колдоого чоң салым кошту. 

“Биздин “Кыргызстан Халык Банкы” менен болгон кызматташуубуз долбоордун алкагында, өзгөчө аялдарга насыя берүү боюнча жакшы жыйынтыкты көрсөттүү. Бул алардын көз карандысыз ишкердүүлүккө жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө болгон жогорку потенциалын далилдейт”, - деп сыймыктануу менен билдиришти USAID долбоорунун өкүлдөрү. 

Жеке ишкердикти өнүктүрүү оңой эмес, “Кыргызстан Халык Банкынын” жана USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун биргелешкен жардамы менен ишкерлер өз идеяларын жүзөгө ашырып, бизнесин өнүктүрүп, ийгиликке жетише алышты.

Белгилеп кетсек, 2018-жылдан 2023-жылга чейин USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору ата мекендик ишкерлерди колдоп, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнеске жумуш орундарын түзүү жана үй чарбаларынын кирешелерин көбөйтүү аркылуу жардам берген. Анын жардамы менен 120 компания өндүрүштү кеңейтүүдө, жаңы рынокко чыгууда жана инвестиция тартууда колдоо тапты.

Тэги: новости Кыргызстана Халык Банк USAID

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу