IATA: Дүйнөлүк жүргүнчүлүк агым 2024 жылы калыбына келет

30.07.2020, 09:22 Акчабар
IATA: Дүйнөлүк жүргүнчүлүк агым 2024 жылы калыбына келет

Эл аралык аба транспорт ассоциациясы  2020 жылы жүргүнчүлөрдү аба унаалары аркылуу ташуу боюнча базалык божомолдорун былтыркы жылга салыштырмалуу начарлатты. Бул тууралуу «Интерфакс» порталы кабарлады.

Апрель айында уюм 46 пайызга төмөндөө болоорун күтүп жатса, эми ал көрсөткүч 55 пайызды түзгөндүгү айтылат.

Бул кортундуну IATA бир нече тенденция менен байланыштырган: АКШ жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө коронавирус илдетин жайылуусуна жол бербөөнү начар аткаруу, корпоративдик жүрүүлөрдүн кыскаруусу, керектөөчү ишенимдин начарлоосу.

Уюм 2021-жылы глобалдык жүргүнчүлүк агым 2020-жылдын «депрессивдик» базасына салыштырмалуу 62 пайызга өсөт,  бирок 2019-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 30 пайызга төмөндөйт деп эсептейт. Былтыркы жылдын деңгээлине чейин калыбына келүү 2023-жылы гана күтүлөт – мурунку божомолдорго караганда бир жылга кеч.

Кичи маршруттардагы жүргүнчүлүк агымдар узак маршруттагы агымдарга карата тезирээк калыбына келгендиктен, жүргүнчүлөрдүн айлануусунун калыбына келүүсү жай ишке ашат. Пандемияга чейинки деңгээлге ал 2024-жылдан эрте кайтып келбейт, бул дагы мурунку божомолдорго салыштырмалуу 1 жылга кеч.

«COVID-19 менен күрөшүүдөгү жетишкендиктер, анын ичинде ийгиликтүү вакцинанын иштелип чыгышы тез калыбына келүүгө өбөлгө түзмөк. Бирок, азыркы учурда, базалык божомолдун жакшыруудан, начарлоо тобокелчиликтери көп»,-деп айтылат маалыматта.  

Тэги: мировой пассажироток авиарейсы COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу