Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолун калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар берет.
Тиешелүү макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушууда кол коюлду.
Маалыматка ылайык, трассанын 104-чакырымынан 197-чакырымына чейинки тилкеси оңдолот. Бул участок долбоордун төртүнчү фазасы болуп эсептелет.