«Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсы жарандарды 121,3 млн сомго алдаган - ИИМ

12.07.2022, 12:56 Акчабар
«Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсы жарандарды 121,3 млн сомго алдаган - ИИМ

"Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы Акинай Бекмурзаева алдамчылык фактысы боюнча кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кооперативдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында КР жарандарына 121 млн 313 миң 950 сом зыян келтирилген.

Ички иштер министрлигинде белгиленгендей, ушул жылдын март айынын башынан бери “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан республиканын бардык аймактарынан көптөгөн арыздар келип түшкөн.

“Кыргызстандыктар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25%, 35% жана 50% баштапкы төгүмдөрүн төлөштү. Кооперативдин мүчөлөрү ушул күнгө чейин турак-жай, автомашина ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчаларын кайтарып бере алышпай жатат”, - деп билдирди ИИМ.

Ошентип, 11-июлда кылмышка шектелип “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

Тэги: Ихсан Групп ЛТД жилищный кооператив

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу