Илимдин доктору, кандиттарынын илимий даражасы үчүн үстөк акылар эки эсе жогорулады. Бул чечим Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров башында турган өкмөттүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50 %ы жогорулатуу чечими кабыл алынды.
“Быйыл 1-январдан тарта илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр берилмекчи”, -деп айтылат маалыматта.
Мунун негизинде, илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн ай сайын 2700 сом, ал эми илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн 1350 сом кошумча акы алышат.