Tesla жана Space X ири компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмегинде экинчи орунга чыкты. Кирешесинин жалпы көлөмү - 7.24 млрд доллардан 128 млрд долларга чыкты.
Муну менен катар ал 128 млрд $ байлыгы бар Билл Гейтсти артка таштады. Биринчи орунга Жефф Безос 182 млрд $ кирешеси менен чыккан.
Эске сала кетсек, кечээ Илон Маск Форбестин тизмесинде төртүнчү орунга илинген болчу. 2020-жылы Тесланын акциясы жогорулаганда жана компаниянын капиталы өткөндө Илон Масктын кирешеси дароо 100 млрд долларга көбөйгөн. Жыл башында ал 35-орунда болчу.