Индия медициналык илимий изилдөөгө 857 миң доллар инвестиция жумшайт

11.02.2020, 17:45 Акчабар
Индия медициналык илимий изилдөөгө 857 миң доллар инвестиция жумшайт

Индия бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөө ишин өткөрүүгө 857 миң доллар инвестициялайт. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин ЖК отурумунда билдиргендей, мыйзам долбоор Кыргызстан менен Индиянын илим жана медицина жаатындагы келечектеги кызматташуусун бекемдөөгө багытталган.

Анын айтымында, илимий изилдөөлөр КР Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында 2011-жылы негизделген Кыргызстан-Индия тоо биомедициналык илимий борборунунда Саламаттык сактоо министрлиги менен Индиянын Коргоо министрлигинин коргонуу тармагындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен жүргүзүлөт.

«Келе жаткан 5 жыл ичинде Индия тарап 857 миң доллар өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын 300 миң доллары жаңы жабдыктарды алууга жумшалат, 350 миң доллар реагенттерди жана башка материалдарды алууга коротулат, ал эми 200 миң доллар Төө-Ашуу ашуусундагы станцияны кармоого жана инфрастпуктурасын жакшыртууга, ошондой эле Сөөк-Ашуу ашуусундагы жаңы илимий станциясына сарпталат», - деди Мадемин Каратаев.

Талкуудан кийин Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырышты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу