Индия текстиль боюнча конференцияга кыргыз ишкерлерин чакырды

23.01.2023, 13:40 Акчабар
Индия текстиль боюнча конференцияга кыргыз ишкерлерин чакырды

Индиянын Мумбай шаарында 22-24-февралда "Technotex-2023" аттуу 10-техникалык текстиль боюнча көргөзмө конференция өтөт. Уюштуруучулар Кыргызстандан 10 бизнес өкүлдү көргөзмөгө чакырып, чыгымдарын өздөрү каржылайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Аталган иш-чара Индиянын Текстиль министрлиги тарабынан Индиянын Соода жана өнөр жай палаталарынын федерациясы (FICCI) менен биргеликте Индиянын Соода жана өнөр жай министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

“Technotex-2023” конференциясы текстиль тармагында соода жана инвестиция чөйрөсүндө кызматташууга кызыктар тараптар үчүн бирдиктүү аянтча болмокчу. Иш-чаранын алкагында башкы директорлордун катышуусунда тегерек стол, сатып алуучулар менен сатуучулардын жолугушуусу, B2B жолугушуулары өтөт",- деп айтылат маалыматта. 

Көргөзмө-конференцияга Индия жана башка өлкөлөрдөн техникалык текстиль жана жабдууларды өндүргөн 100дөн ашык Geotextiles, Protective Textiles, Agro Textiles, Sport Textiles, Industrial Textiles, Eco Textiles, Mobil Textiles, Medical Textiles, Clothing Textiles, Construction Textiles, Home Textiles and Packaging Textiles сыяктуу компаниялар катышат.

Кошумчалай кетсек, Индия тарап конференцияга катышкан ишкерлердин катышуу чыгымдарын; анын ичинде авиабилет, мейманканада 3 түн эртең мененки тамактануу, иш-чара учурундагы тамактанууларды өзү каржылайт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу