Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, керектөө тармагындагы өсүш 2018-жылдын жыйынтыгы менен 0,5% түздү. Салыштыруу үчүн: 2017-жылдын январь-декабрь айларында бул көрсөткүч 3.7% жеткен.
Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы былтрыкы жылдын январь - декабрь айларында 2,6% га кыскарган. Ошол эле учурда тамеки буюмдары менен алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө наркы - 6,4% жогорулаган, азык-түлүктөн башка товарлар менен - 1,4%, кызмат көрсөтүү боюнча - 4,2% жеткен.
Бүтүндөй өлкө боюнча 2018-жылы жашылча-жемишке баалар - 16,4% төмөндөгөн (2017-жылы алардын өсүшү 13,6% түзгөн). Бир аз нан азыктары менен таруунун баасы өскөн. Этке карата баа 0,3% жогорулап, сүт азыктары - өлкөдө 0,6% жеткен. Өткөн жылы январь-декабрь айларында өсүмдүк майынын баасы - 2,0% төмөндөдү.
2018-жылдын январь-декабрь айларына карата азык түлүккө кирбеген товарлардын баалары өсүп, көмүр баасы 2.8% төмөндөсө, дизель майлары 18.5% жогорулаган. Ал эми өткөн жылы бензин январь-декабрь айларында 9.5% кымбаттаган.
Кызмат көрсөтүүдөгу максималдуу баалардын өсүсү уюлдук команияларда 16.7%, эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында (14.1%), жүргунчүлөрдү аба жолу аркылуу ташуу ( 10.2%), маданий иш-чараларды уюштуруу (5.2%), эл аралык жүргунчүлөрдү ташуу тармагында( 4.5%) жана амбулатордук кызматтарда ( 3.3%) баалардын кымбатташы байкалган.