Кыргызстанда инфляция 2023-жылдын декабрында мурунку айдагы 8,1%дан 7,3%га төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) басма сөз кызматы билдирди.
"Күздүн орто ченинде аткарылган мамлекеттик чаралар нан жана ун азыктарынын ички рыногундагы кырдаалды турукташтырды жана инфляциялык күтүүлөрдүн төмөндөшүнө өбөлгө түздү", - дешет талдоочулар.
Натыйжада, 2023-жылдын декабрында сезондук такталган инфляция өткөн жылдын сентябрь-октябрь айларындагы өсүштөн кийин өткөн айга салыштырмалуу 0,2% түздү.
Жылдык инфляция бир жыл мурунку жогорку темптердин фонунда 2024-жылдын биринчи чейрегинде басаңдоону улантат.