Чет элдиктер Ысык-Көлдө жер ижарага ала алышат

03.04.2023, 11:30 Акчабар
Чет элдиктер Ысык-Көлдө жер ижарага ала алышат

Жогорку Кеңештин комитети “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” жана “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк юридикалык жактын концепциясына кирген финансы-кредиттик мекеменин эс алуу объектисине убактылуу ээлик кылуу укугун каттоо маселесин укуктук жөнгө салуудагы боштукту толтуруу максатында иштелип чыккан.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр рекреация объектиси, туризм инфраструктурасы түрүндөгү күрөө предметине өндүрүп алууда чет өлкөлүк жакка менчик укугун убактылуу өткөрүп берүүнү карайт.

Тэги: новости Кыргызстана земля аренда земли Иссык- Куль экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу