Рыноктогу мамлекеттин мүлктөрү 1 трлн сомго жетиши мүмкүн

05.04.2019, 16:30 Акчабар
Рыноктогу мамлекеттин мүлктөрү 1 трлн сомго  жетиши мүмкүн

«​Биз рынокто баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин баасын билишибиз керек. Болжолду мүлктөрдүн суммасы 900 млрд сомго бааланууда. Баалоонун жыйынтыгы боюнча цифра 1 трлн сом же андан жогору болушу мүмкүн» –деп билдирди өкмөттүк жыйында кыргызстандын премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Рыноктогу мамлекеттин активдеринин баасын билүү зарыл деп жарыялады.

«Биз мамлекеттин менчигинин баасын билебиз. Канча имарат, ишкана, автотранспорт же башка мүлктөр. Эми алардын рыноктогу бааларын аныкташыбыз керек. Азырынча,  900 млрд сом тууралуу соз жүрүүдө. Эгерде баалоонун жыйынтыгында цифра 1 трлн сом же андан ашык болушу мүмкүн. Эң башкысы, рыноктогу бааларды аныктаган соң, ири объектилерди  эффективдүү  колдонууга экономикалык механизмди колдонобуз» – деп билдирди премьер.

Эскерте кетели, буга чейин  Жогорку Кеңеш тарабынан «КР матералдык же материалдык эмес активдерин инвентаризация, идентификация, кайра баалоо жана эсепке алуу» тууралуу  мыйзамы 2016-жылы 19-майда  кабыл алынган. 

Тэги: госсобственность инвентаризация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу