Ислам банкы жолду реконструкциялоого дагы 45 млн доллар насыя берет

18.04.2023, 09:50 Акчабар
Ислам банкы жолду реконструкциялоого дагы 45 млн доллар насыя берет

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолун реконструкциялоо жөнүндө” кредиттик макулдашуунун долбоору каралды.

Долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, тактап айтканда Суусамыр — Талас — Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 миллион долларды түзөт.

Белгилеп кетсек, буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылга, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 50 миллион доллар өлчөмүндө насыя берген.

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети пайыздык чен - 1,20% жана комиссия - 0,5% менен 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 20 жылга кошумча 45 миллион доллар тартуу боюнча документти бир эле учурда үч окууда ратификациялады. 

 

Тэги: экономика Исламский банк развития кредитное соглашение Жогорку Кенеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу