Бюджеттен шайлоо үчүн 723 млн сом бөлүнгөн

01.10.2020, 15:35 Акчабар
Бюджеттен шайлоо үчүн 723 млн сом бөлүнгөн

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Анын айтымында, ушул эле каражаттын ичинен 29-сентябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясына 478.1 млн сом которулган. 

«Убакыттан пайдаланып, шайлоого аттангандарды, шайлоочуларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди шайлоо маалында бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырып кетет элем. Ар бир жарандын ден соолугу - биз үчүн баарынан кымбат», — деп айтты Боронов. 

 

Эске сала кетсек, 21-сентябрда шайлоо фондуна келип түшкөн жалпы каражаттын суммасы 544 млн 979 миң 341 сомду түзгөн. Саясий партияларга 514 млн 920 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен 80 млн сом шайлоо күрөөсүн төөлө үчүн жумшалган. 381 млн 950 миң 149 сом — шайлоого чейинки үгүт иштерине жумшалган. 


 

Тэги: выборы расходы бюджет Кыргызстан Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу