Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ушул жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт облустан товарлардын экспорту кыскарган.
Экспорт эң көп Таласта кыскарган. Быйыл Талас облусунан 241,4 миң долларлык товар экспорттолсо, бул өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 97,73%га аз. Экинчи орунда Ош облусу турат. Алты айдын ичинде ал жактан 638,1 миң долларлык товар жеткирилди, бул 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 78,34% аз.
Баткен облусунан товарларды ташуу да бир топ кыскарган – 45,47%га. Быйыл облустан экспорттун көлөмү 2 миллион 931,5 миң долларды түздү. Чүй облусунан экспорт 11%га кыскарган. Чүй облусу жарым жылда 259 миллион 517,8 миң долларлык товар экспорттогон.
Буга карабастан жалпысынан өлкөдөн экспорт көбөйгөн. Бирок өсүш болгону 0,39%ды түздү. Алсак, 2023-жылдын алты айында Кыргызстан 639 миллион 5,2 миң долларлык товар экспорттогон.