Таласка Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

22.04.2024, 10:00 Акчабар
Таласка Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

Таласка Голландиядан жаңы сорттогу төө буурчак алынып келинди.

Маалым болгондой, Талас облусунун тургундары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте "хельда" аттуу супер элиталык репродукция болгон төө буурчактын жаңы сортун алып келүүнү уюштурган.

Жаңы сорттун алгачкы сыноолору түшүмдүүлүгү жана сапаты жагынан Бакай-Ата районунда жакшы натыйжаларды берди. Жаңы сортту ишке киргизүүнүн аркасында дыйкандар жакынкы жылдарда өндүрүштү, кирешени көбөйтүп, туруктуу экспортко жетиши, ошондой эле үрөн фондун жаңылоосу күтүлүүдө.

Тэги: МИнсельхоз КР фасоль новости Кыргызстана Таласская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу