Казакстан Республикасынын бажы кызматы 671 миң доллар өлчөмүндөгү мыйзамсыз алынып келе жаткан майнинг-ферманы аныктады. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабдыктын жалпы салмагы 11.8 тоннаны түзөт.
Майнинг-ферманы ташууга уруксат алуу үчүн бажы салымдары жана салыкты кошкондо 80 миң доллар каражат төлөө керек болот.