Кыргызстандан Казакстанга 19,4 млн сомдук тамекини экспорттоо аракети аныкталды

04.10.2021, 12:08 Акчабар
Кыргызстандан Казакстанга 19,4 млн сомдук тамекини экспорттоо аракети аныкталды

Үчүнчү октябрда "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинин чек арачылары чек арадан мыйзамсыз тамеки ташууну токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Казакстандын жараны башкарган SCANIA жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 242,5 миң куту ар кандай аталыштагы жана акциздик маркасы жок тамеки табылган.

Айдоочунун товарга коштоочу документтери болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, тамекинин баасы 19,4 миллион сомдон ашык болгон. Тиешелүү документтер катталгандан кийин айдоочу менен жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине кошумча иликтөө үчүн өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

 

Тэги: сигареты госграница контрабанда Кыргызстан Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу