Ветеринардык кызматтын “Ак-Тилек” чек ара бекетинин инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө 15 миң 681 кг йогурт ташылып келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштоочу документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү кайтаруу актысы түзүлдү.
“Жүк “Ак-Тилек” өткөрмө бекети аркылуу Орусияга кайтарылган”, - деп билдирди Айыл чарба министрлиги.