Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бензинди 8,6 млн сомго кымбат сатып алат

08.09.2021, 10:28 Акчабар
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бензинди 8,6 млн сомго кымбат сатып алат

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Жетекчилик сарптагысы келген жалпы сумма 18 миллион 562,5 миң сомду түзөт. Тендер эки лотко бөлүнөт. Биринчисине ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясы Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустары үчүн 225 миң литр бензинди талон жана күйүүчү май картасы катары сатып алат, экинчисинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн 90 миң литр алынат.

Белгилей кетсек, биринчи лот үчүн АИ-92дин бир литринин баасы 1 литрине 58,5 сом, экинчисине 60 сом деп белгиленген. Күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын өткөн жылдын ичинде өсүшүнө байланыштуу болжолдуу ашыкча төлөө (2020-жылдын 7-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймактарында АИ-92нин орточо баасы боюнча) 8,6 миллион сомдон ашык болот.

 

Тэги: ГСМ АИ-92 госзакупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу