“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы дирекциясынын түзүмүндө өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда акционердик коомдун директорлор кеңешинин чечими менен башкы директордун орун басары – “Электр станциялары” башкы дирекциясынын мүчөсү Чыңгыз Мурзакматовдун ыйгарым укуктары токтотулду.
15-декабрдан бери бош турган кызматка Салават Садыракунов дайындалды.